27.02.23

Өзбекстан жана Азербайжандын биргелешкен аймактар ​​аралык форуму 24-февраль күнү,  Ташкент шаарында болуп  өттү.  Көрүшмө учурунда, катышуучулар эки тараптуу сооданын көлөмүн 1 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү талкуулашты. Бул тууралуу, “CentralAsia.News” маалымат  агенттиги билдирди.

Соода-экономикалык кызматташтыктын мындай деңгээлине жетүүсү үчүн Өзбекстан жана Азербайжандын бийликтери байланыштарды чыңдоого бардык күч-аракетин жумшашмакчы. Ал үчүн эки мамлекеттин базарларына суроо-талапка ээ болгон продукцияны жеткирүү көбөйөтүлөт, эки өлкөнүн ишкерлерлеринин ортосунда түздөн түз байланыш кура турган иш-чаралар уюштурулат.

Форумда биргелешкен долбоорлорго жана аймактар ​​аралык кызматташууга да өзгөчө көңүл бурулду. Анын алкагында, Бухара жана Ленкаран, Хива жана Шуша, Кокон жана Шеки, Самарканд жана Гянджа шаарларынын ортосунда, боордош шаар келишимдери түзүлдү. Тараптар ошондой эле Ташкент шаары  менен Баку шаарынын өз ара кызматташуусу боюнча түзүлгөн “Жол картасына” кол коюшту.

https://centralasia.news/19881-baku-i-tashkent-uvelichat-obem-tovarooborota-do-1-mlrd-dollarov.html