01.03.23

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бакуга болгон иш сапары учурунда, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту.

Президенттер мурда жогорку деңгээлде эки тараптуу жетишилген макулдашуулардын аткарылышын кеңири талкуулашты. Системалуу жана жемиштүү байланыштардын аркасында стратегиялык өнөктөш болгон, Өзбекстан-Азербайжан мамилелери мазмуну жана сапатты жагынан деңгээлге көтөрүлгөндүгү терең канааттануу менен белгиленди.

Өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 50 пайыздан ашык өсүшкө ээ болгон. Өзгөчө автоунаа өнөр жайы, текстиль өнөр жайы жана жибек чарбасы сыяктуу приоритеттүү тармактарда кызматташуунун долбоорлорун ишке ашыруу активдүү фазада турган учуру. Мунай жана газ, транспорт жана логистика тармактарында, келечектүү долбоорлорго даярдыктар көрүлүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында, Ташкентте өткөн биринчи “Региондор форумунун” алкагында биргелешкен инвестициялык фондду түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/75875