24.03.23

Өзбекстан 58 микро гидроэлектростанциялары (ГЭС) курулушуна жеке инвестицияларды тартуу менен энергиянын кайра жаралуучу булактары  тармагындагы потенциалын жогорулатат. Бул тууралуу, өзбекстандык “UPL24” маалымат порталы билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, азыр Өзбекстан гидроэлектростанциялары (ГЭС) жылына 6,5 миллиард (кВт) электр энергиясын өндүрөт. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну кеңейтүү менен гидроэнергетикалык кубаттуулукту дагы 1 (ГВт) көбөйтүүгө болот.

Бул максатка жетүү үчүн Өзбекстандын президенти Псков, Нарын жана Тупаланг дарыяларынын участкаларында 36 орто жана ири гидроэлектростанциялары (ГЭС) куруунун долбоорлорун даярдооону тапшырды. Жалпы кубаттуулугу 9 (МВт) болгон 26 микро гидроэлектростанциянын курулушуна жеке сектордун каражаты дагы тартылат. Ошондой эле өкмөт “Анжиян” каналында жалпы кубаттуулугу 23 (МВт) болгон үч  гидроэлектростанцияларын (ГЭС) жана Туланг дарыясында 16 (МВт) кубаттуулуктагы бир гидроэлектростанциясын (ГЭС) курууну пландаштырууда.

Мындан тышкары, Өзбекстан ишканалардын, социалдык объектилердин жана турак жайларына жалпы кубаттуулугу 1,7 (ГВт) болгон күн батареяларын орнотууну пландаштырууда.

https://economist.kg/novosti/2023/03/24/uzbekistan-privlechet-chastnyj-kapital-k-postrojke-58-mikroges/