04.04.23

2023-жылдын 3-апрель күнү,  Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов жана Венгриянын Экономикалык өнүктүрүү министри Мартон Надь менен видеоконференция аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Көрүшмөнүн жүрүшүндө, актуалдуу маселелер жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы чаралары талкууланды.

Инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо боюнча кийинки кадамдар талкууланып, 50 миллион евро уставдык капиталы менен инвестициялык фонд түзүү маселесин макулдашылды. Жаңы түзүлө турган инвестициялык фонд, Өзбекстанда иш алып барышкан венгриялык компаниялардын конкреттүү долбоорлорун каржылайт.

Сүйлөшүүлөр учурунда, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. Венгрия тарап Ташкент облусунда “Bonapharm” канаттуулар кластерин түзүү планы бар экендигин билдирди. Учурда Өзбекстандын Каракалпакстан аймагында, Венгриянынын “Хагио” жана “Полус” компаниялары Өзбекстандык өнөктөштөрү менен биргеликте өсүмдүктөрдөн дары жасоо иштери жүрүп жаткандыгы белгиленди.

Ошондой эле Венгриялык “Meditop Pharmaceutical” компаниясы инновациялык дарыларды чыгаруу, “Raba Automotive Holding” жана “Joyson Safety Systems” компаниялары  автоунаалардын тетиктерин чыгаруу боюнча долбоорлорун Өзбекстанда ишке ашырышууда. Көрүшмөнүн соңунда, тараптар ар бир долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда жаңы демилгелерди колдоо боюнча биргелешкен чараларды аткаруууну макулдашышты.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/76478