12.04.23

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 12-апрелде Түркиянын Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк баштаган делегация менен жолугушту. Көрүшмөнүн  күн тартибине практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, кызматташтык долбоорлорун колдоо жана илгерилетүү, инновацияларды жана алдыңкы технологияларды киргизүү маселелери, ошондой эле ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүнүн башка аспектилери каралды.

Түркиянын делегациясы Өзбекстанга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын атынан “Togg” бренди менен өндүрүлгөн биринчи улуттук электр унаасын көрсөтүү жана тапшыруу үчүн келген болучу.

Өзбекстандын президенти эки тараптуу кызматташуунун азыркы жогорку динамикасын, бардык деңгээлдеги өз ара байланыштар жана алмашууларды активдешүүсүн өзгөчө канааттануу менен белгиледи. Мисал катары соода көлөмүнүн туруктуу өсүүсүн, артыкчылыктуу тармактарда бир катар ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну, эки өлкөнүн ортосундагы үзгүлтүксүз авиа каттамдардын. жыштыгын көбөйтүүнү белгилеп өттү.

Алдыңкы Түркиялык компанияларын ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде автомобиль өнөр жайына тартуу аркылуу өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр белгиленди. Жыйындын соңунда, “Togg” электромобилинин бет ачары болуп, анда министр Мустафа Варанк унаанын техникалык мүнөздөмөсүнө кеңири токтолуп, ачкычын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Шавкат Мирзиёев рулга отуруп, электромобилди өзү сынап айдап көрдү.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/76650