21.04.23

Баку шаарында 2023-жылдын 20-апрель күнү Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов Азербайжандын Экономика министри Микайил Жаббаров менен жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, акыркы бир нече жылдагы эки өлкөнүн кызматташтыгынын өнүгүүсүнүн оң динамикасы баса белгиленди. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында, Ташкентте өткөн эки өлкөнүн 1-аймактар ​​аралык форумунун жыйынтыгынын жогорку натыйжалуулугу белгиленип,  кеңири чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүүгө чоң түрткү бергендиги белгиленди.

Тараптар көрүшмө учурунда, өз ара инвестиция тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү перспективаларына басым жасашты. Бул багытта түзүлүп жаткан “Өзбекстан-Азербайжан” инвестициялык фондунун өзгөчө орду болмокчу.

Өзбекстандын тажрыйбасынын негизинде, Азербайжанда толук өндүрүш циклинен турган, пахта-текстиль кластерлерин түзүү боюнча макулдашууга жетишилди. Ошондой эле жип өндүрүү жана машина куруу тармактарында мурда макулдашылган долбоорлордун учурдагы абалы талкууланды.

Эки өлкө өз ара соода жүгүртүүнү жакынкы аралыкта  1 миллиард долларга жеткирүү пландашууда. Мындан тышкары, тараптар өнөр жай, энергетика, айыл чарба, кичи жана орто бизнес, транспорт, транзит жана башка тармактардагы мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, кызматташууну улантууга эки тараптын даярдыгы билдирилди жана эки өлкөнүн соода мамилелерин өнүктүрүү үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүү максатында активдүү өз ара аракеттенүү форматы иштелип чыкты.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/76836с