02.05.23

Түркиялык «Cengiz Enerji San. ve Tic A.Ş.» компаниясы Өзбекстандын Жиззак облусунда жылуулук электр станциясын курат.

Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министрлиги менен Түркиялык «Cengiz Enerji San. ve Tic A.Ş.» компаниясы Ташкентте өтүп жаткан, Эл аралык инвестициялык форумдун (TIIF-2023) алкагында жаңы инвестициялык келишимге кол коюшту.

Кол коюлган келишимдин баасы 300 миллион долларды түзөт. Макулдашуунун алкагында, Түркиялык компания Өзбекстандын Жиззак облусунда кубаттуулугу 400 (МВт) болгон жылуулук электр станциясын курат.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/76964