10.05.23

Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Венгриянын географиялык коомчулуктары, Түрк мамлекеттеринин географиялык кеңешин (ТМГК) түзүү боюнча келишимге кол коюшту. Казакстандын “Казинформ” маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, тийешелүү документке кол коюу иш чарасы 8-майда Ташкент шаарында  болуп өттү.

Уюмдун штаб-квартирасы Ташкент шаарында жайгашып, үч жылдык мөөнөткө кеңештин башкы катчысы болуп, Өзбекстандын өкүлү Ойбек Норинбаев шайланды. Түрк мамлекеттеринин географиялык кеңешинин (ТМГК) негизги милдети, түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну бекемдөө болуп саналат:

Инновациялардын багыттары;

Экология;

Туризм;

Маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу.

Жаңы түзүлгөн уюмдун башкы катчысы Ойбек Норинбаев: «Кеңештин негизги максаты география, өлкө таануу жана аны менен байланышкан илимдер жаатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле бул жааттагы илимий жетишкендиктерди кеңири жайылтуу, жаратылышты коргоо көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды жоюуну ишке ашырууга активдүү катышуу» , - деп белгилеп өттү.

https://centralasia.media/news:1918263