19.05.23

Кытайда мамлекеттик сапар менен жүргөн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 19-май күнү аралыктан символикалык баскычты басып, 15 жаңы өндүрүш объектисин ишке киргизди. Бул тууралуу,  мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын бири Сыр-Дарыя облусунда жайгашкан, Кытай бредине таандык «EXEED» маркасындагы автомобиль заводу экенин «Gazeta.uz» маалымат кызматына аталган ишкананын өкүлдөрү билдирди.

Завод жылына 150 миң   автоунаа өндүрүүнү пландоодо.

Өзбекстанда «EXEED» брендине таандык автоунааларды өндүрүүчүсү «Asaka Motors» компаниясы болуп саналат. Долбоордун баасы 390 миллион долларды түзөт.

«Асака Моторс» компаниясынын башкы директору Акрамжон Тухтабаев: «Жаңы завод заманбап технологияларды жана өндүрүштүн прогрессивдүү ыкмаларын колдонот, бул жогорку сапаттагы жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны чыгарууга мүмкүндүк берет», - деп билдирди.

Президент  баштоого уруксат берген башка долбоорлордун ичинде 3,3 миллиард долларга бааланган автоунаа жана электромобилдер, курулуш материалдары, металь буюмдары, медициналык буюмдарды чыгаруучу ишканалар дагы бар.

https://www.gazeta.uz/ru/2023/05/19/exeed/