13.06.23

Түркиянын “Ostim” компаниясынын башкы директору Адем Арижи баштаган бир катар Түркиялык компаниялардын өкүлдөрү Өзбекстандын Бухара облусунда болушту.

Сапардын алкагында, Түркиянын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда курулуш, энергетика, медицина, билим берүү жана башка тармактарда эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда “B2B” форматында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү.

Түркиялык компаниялардын өкүлдөрү, өзбекстандык өнөктөштөрү менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин жана аймактын экономикасына инвестиция салууга даяр экендиктерин билдиришти. Тараптар биргелешкен ишканаларды түзүү жана өнөр жай тармагында кызматташууну өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты.

Бул иш сапар, Өзбекстан менен Түркиянын ортосундагы достук мамилени чыңдоого жана эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө жасалган дагы бир кадам болуп калды.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/77883