17.06.23

Стамбул шаарында 2023-жылдын 15-16-июнь күндөрү жарандык авиация тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында, Өзбекстан жана Түркиянын авиациялык администрацияларынын ортосунда консультациялык көрүшмө уюштурулду. Бул тууралуу, Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада жарандык авиация тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселеси жана аны өнүктүрүүнүн келечеги каралды. Анын ичинде аба каттамдарынын санын көбөйтүү жана жаңы багыттарды ачуу маселеси талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, жумалык каттамдардын санын элүү сегизден жетимиш экиге чейин жеткирүү келишимине жетишилди. Тараптар жаңы аба каттамдарын ачууну дагы макулдашышты.

Ошондой эле тараптар 2023-2024-жылдар аралыгында, Ташкент жана Стамбул шаарларынын ортосунда жумалык аба каттамдары отуз сегизден элүүгө чейин көбөйөтүүнү жана жаңы каттамдарды ачуу боюнча келишимге келишти.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/77985