24.09.23

“Өзбекстан темир жолдору” компаниясынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн делегациясы Астана шаарында болуп, “НК Казахстан Темир Жолы” компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда жемиштүү кызматташуу маселелери талкууланып, бир катар жаңы макулдашууларга жетишилди.

Сүйлөшүүлөр “Өзбекстан темир жолдору” компаниясынын башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Х.Рахметовдун жана “НК Казахстан Темир Жолы” компаниясынын өндүрүш процесстери боюнча башкаруучу директору Б.Урынбасаровдун жетекчилиги астында болуп өттү.

Биринчи кезекте тараптар, Өзбекстан жана Казакстандын ортосундагы жүк ташуу көлөмүнүн көбөйүшүнө алып келген акыркы 8 айдагы жакшы координацияланган жана биргелешип аткарылган иштерди белгилешти. Атап айтканда, Өзбекстандан Казакстанга химиялык жана минералдык жер семирткичтерди, мөмө-жемиштерди жана кургатылган жемиштерди, автоунааларды, алардын запастык бөлүктөрүн ж.б. импорттоодо жогорку өсүш жана оң динамика байкалган.

Мындан тышкары, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатуу жана жаңы мөмө-жемиштерди жеткирүүнүн жаңы түйүндөрүн түзүү максатында, тараптар Өзбекстандан Казакстанга каттай турган ичинде муздаткычы бар вагондордон турган рефрижератордук поезддерди уюштуруу боюнча биргелешкен аракеттерди көрүүнү макулдашышты. Ошондой эле тараптар, Өзбекстандан Россияга Казакстан аркылуу ичине жашылча жемиш салыган муздаткычтары бар вагондорду өткөрүп турууну макулдашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, тараптар ортосундагы макулдашууларды өз убагында жана натыйжалуу ишке ашырууну милдеттендирген протоколго кол коюлду. Тараптар ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды квартал сайын улантууну чечишти жана алдыдагы аткарыла турган иштердин пландарын талкуулашты.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/79941