08.11.23

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 16-саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга келген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 8-ноябрда жолугушуусу болуп өттү.

Мамлекет башчылары Өзбекстан-Түркия көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Учурда уланып жаткан интенсивдүү өз ара байланыштар жана товар алмашууларда жылыштар канааттануу менен белгиленди. Товар жүгүртүүнүн көлөмү, түз авиакаттамдардын жыштыгы, туристтик агымдар өсүүдө.

Өзбекстанда түркиялык алдыңкы компаниялардын катышуусунда ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Жыл башынан бери 500 миллион доллардан ашык түз капиталдык салымдар тартылып, 200 ашык жаңы ишканалар түзүлдү.

Соода, өнөр жай, инновация, энергетика, транспорт, билим берүү, маданият, туризм жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду жана программаларды тездетүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Көрүшмө учурунда, алдыда боло турган иш-чаралардын графиги каралды, ошондой эле “Өзбекстан-Түркия” стратегиялык кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйынына даярдыктар талкууланды. 

https://www.uzdaily.uz/ru/post/81121