13.11.23

Ташкентте өткөн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) 16-саммитинин алкагында, Казакстан жана Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосунда “Борбор Азия” өнөр жай кызматташтыгы эл аралык борборунун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу, “CentralAsia.News” маалымат агенттиги билдирди.

Келишимге кол коюу аземине, Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов жана Казакстандын Соода жана интеграция министри Арман Шакалиев катышты. “Борбор Азия” Эл аралык борборунун негизги максаты, мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. Жакынкы жылдарда аны эки республиканын чек арасына куруу пландаштырылып жатат.

Борбордун ишинин негизги багыттарына, өндүрүш процесстерин оптималдаштыруу жана ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу кирет. Бул кызматташтыктын алкагында, өндүрүш ишканалары жайгашкан чек ара аймактарын эффективдүү пайдаланууга көңүл бурулат.

https://centralasia.news/24972-centr-promyshlennoj-kooperacii-postrojat-na-granice-uzbekistana-i-kazahstana.html