CA-NEWS (TJ) – Өзбекстан керектөөчүлөрдүн укугун коргоо коомдорунун федерациясы жана Тажикстан керектөөчүлөр союзу өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Бул жөнүндө Өзбекстан массалык маалымат каражаттары билдирди.

Аталган документте Өзбекстан өкүлдөрүнүн Тажикстанга расмий иш сапары алкагында кол коюлган. Бул документ структуралардын кызматташтыгын андан ары өнүктүрүүнү, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу, симпозиум, илимий конференцияларды уюштуруу, эки тараптын да адистеринин даражасын көтөрүү максатында адистер менен алмашууну камсыздайт.

Тараптар иш жолугушуусунун алкагында өз тажрыйбалары, иштөө ыкмалары менен бөлүшүштү, эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бир катар актуалдуу суроолорду козгошту, ошондой эле эки уюмдун жүргүзгөн иштери боюнча билдирүү жасашты.

“Чет өлкөлүк кесиптештер менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана инновациялык иш ыкмаларын практикада колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күндө федерация ар кыл өлкөлөрдүн буга окшогон ондогон уюмдары менен өнөктөштүк мамилелерин түзгөн. Тыгыз кызматташтыктын жыйынтыгында ар кандай долбоорлор иштеп чыгарылып жана ишке ашырылууда, практикалык усулдук иштер жакшыртылууда, туруктуу тажрыйба алмашуу жана кадрлардын квалификациясы жогорулатылууда”- деп белгилей кетти Өзбекстан керектөөчүлөрдүн укугун коргоо федерациясынын төрагасы Жахонгир Саримсоков.

Жыйында сөз сүйлөгөн Тажикстан керектөөчүлөр союзунун аткаруучу директору Илхом Абидов тажик жергесинде өзбек өнөктөштөрүн көрүүгө ар дайым кубанычта экендигин баса белгилей кетти, жана бардык багыттар боюнча кызматташууга даяр экендигин билдирди.