23.11.23

Түркмөнстан жана Өзбекстан ортосундагы товар жүгүртүү 2023-жылдын январь-октябрь айлар аралыгында 939,1 миллион долларды түзгөндүгүн Өзбекстандын президентине караштуу, Мамлекеттик Статистика агенттиги билдирди.

Ошол эле учурда, Өзбекстандын продукциясын Түркмөнстанга экспорттоо 143,7 миллион долларга бааланды, ал эми Түркмөнстанга болгон импорт 795,5 миллион долларга жеткен. Маалыматка ылайык, Түркмөнстан Өзбекстандын жети ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.

Бүгүнкү күндө, Өзбекстан дүйнөнүн 198 өлкөсү менен соода алакасын жүргүзүп келет. Тышкы соода жүргүзүүнүн эң чоң көлөмү Кытай (21,2%), Россия (15,6%), Казакстан (7,0%), Түркия (5,1%) жана Түштүк Корея (3,7%),  ал эми Өзбекстандын КМШ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсүнүн эң чоң көлөмү Россия (47,3%), Казакстан (21%), Түркмөнстан (5,6%)  мамлекеттеринин үлүшүнө туура келет.

 https://www.newscentralasia.net/2023/11/21/tovarooborot-mezhdu-turkmenistanom-i-uzbekistanom-dostig-pochti-940-millionov-dollarov/