CA-NEWS (UZ) – Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттигинин берген маалыматында, Түркмөнстан башчысы Гурбангулы Нурмухамедов жана Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиеев, Хорезм областында жайгашкан тарыхый имаратка - "Uly howly" чебине баргандыгы айтылды.

Каалоочуларды өткөн кылымдын реалдуу абалында болууну жана саякатчыларды кызыктырган чеп Үргенч районунда туристтик борборлорунун бири болуп калган. "Uly howly" да конокторго ат мингенге, тегирменде ундун кантип жасалганын көргөнгө, ар кандай улуттук тамактарын даамын тартканга болгон.

Түркмөн жана Өзбек лидерлери байыркы Хорезм тургундарынын жашоо өзгөчөлуктөрүн түзүү, устачылык өнөрлөр жана көптөгөн экспонаттар менен таанышышты. Ошондой эле, бул жакта түркмөн килемдеринин үлгүлөрү берилди.

Сегиз метрлик топурактан сокмо дубалдары, кеңдиги бир жарым метр болгон түркмөн чебинин тарыхы үч кылымды камтыйт.

Кадырлуу меймандарга, ошондой эле ар кандай мелдештерде жана жарыштарда катышкан адамдарга ахалтекенин аттары көрсөтүлдү.

"Uly howly" чеби менен таанышуу аяктагандан кийин, башчылар Гурбангулы Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиеев, кызыктуу уюштурулган экскурсиянын катышуучуларына ыраазычык билдирүү менен бирге, тарыхый-маданий жер Хивага сапарга жөнөштү.