01.12.23

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сырдарыя облусунда кубаттуулугу 1500 мегаватты түзгөн заманбап комплекстүү электр станциясынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 1,1 миллиард доллар акча каражаты жумшалган. Жакынкы арада, бул долбоордун ишке ашырылышы менен 3 миллиондон ашык үй-бүлө жана көптөгөн өнөр-жай ишканалары электр энергиясы менен камсыздалат.

Ачылыш аземинде, Шавкат Мирзиёев “жашыл” суутек чыгаруучу заводду куруу долбоору башталганы тууралуу дагы маалымат берди. Завод ишке берилсе, жылына өлкөгө зарыл болгон 3 миң тоннага жакын минералдык жер семирткичтерди чыгарууга жөндөмдүү болот. Ошондой эле кубаттулугу 52 мегаватт болгон шамал станциясы курулушу дагы күтүлүүдө.

https://centralasia.news/25338-jelektrostancija-moschnostju-1500-megavatt-zapuschena-v-syrdarinskoj-oblasti.html