12.12.23

Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө болгон Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана байкоочу өлкө Венгриянын бажы мекемелеринин жетекчилери, Ташкент шаарында 9-отурумун өткөрүштү.

Өзбекстандын Бажы комитетинин төрагасы Акмалхожа Мавланов өткөргөн жыйынга, Грузиянын Бажы кызматынын төрагасы атайын конок катары чакырылды.

Жыйындын күн тартибинде, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) буга чейин Самаркантта болгон самитинде кол коюлган, жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридорун түзүү боюнча мемрандумунун техникалык маселелери каралды. Өзбекстан тарап, өлкөлөрдүн ортосунда кызматташтыкты активдештирүү максатында, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) алкагында, Бажы мекемелеринин жетекчилеринин кеңешин түзүүнү сунуштады.

Жолугушууда аталган уюмдун алкагында, бирдиктүү транзиттик тармакты түзүү жана уюмдун бажы мекемелеринин ортосундагы тобокелдиктерди башкаруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, мүчө өлкөлөр электрондук “TIP” системасын кабыл алса, бажы процедуралары тез жана жеңил болоору белгиленди. Жолугушуудан кийин делегация мүчөлөрү, Өзбекстандын Бажы комитетине караштуу бажыны иштетүү борборуна жана Борбордук бажы лабораториясынын ишмердиги менен таанышып чыгышты.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/tur/avrasyadan/ozbekistanda-turk-devletleri-teskilati-uye-ulkelerinin-gumruk-kurumlari-baskanl/65785afbd4609f8dfa4f80e4