16.12.23

Өзбекстанда 2024-жылга чейин, жылына 10 миң даана электромобиль өндүргөн заводун ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу, президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусу менен болуп өткөн жыйын учурунда белгилүү болду. Мындан тышкары,  автоунаа жана айыл чарба машиналарын өндүрүү жана өнүктүрүү боюнча башка дагы идеялар сунушталды.

Көптөгөн дүйнөлүк автоунаа өндүрүүчүлөр электромобилдерди чыгарууга өтүп жатканын эске алганда, Өзбекстан келечекте базардагы ордун жоготпоо үчүн бул тармактан артта калбоосу керек. Президент электромобилдерди чыгаруунун маанилүүлүгүн белгилеп, алар үчүн тетиктерди чыгарууну баштоону тапшырды.

Мындан тышкары, жыйында 2030-жылга чейин жеңил унааларды чыгарууну бир миллион даанага жеткирүү жана ошол эле мезгилде айыл чарба техникаларын чыгарууну жылына 16 миң даанага жеткирүү пландары талкууланды. Бул максаттардын алкагында 2024-жылы аткарылышы керек болгон иш чаралар чаралар белгиленди.

https://centralasia.news/25731-v-uzbekistane-postrojat-avtozavod-po-vypusku-jelektromobilej.html