22.12.23

Үстүбүздөгү 2023-жылдын январь-ноябрь айларында, Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 970,1 миллион долларды түздү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Статистика комитетинин шаршемби күнү жарыяланган отчетунда белгилүү болду.

Отчеттук мезгил ичинде, Өзбекстан 809,6 миллион долларлык Түркмөнстандын продукциясын импорттогон, ошол эле убакта Түркмөнстанга болгон экспорту 160,5 миллион долларды түзгөн.

Өзбекстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү тиешелүү мезгил ичинде 57,3 миллиард долларга жеткен, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,9 миллиард долларга же 26,2 пайызга көпттүк кылат.

Үстүбүздөгү 2023-жылдын январь-октябрь айларында, Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 939,1 миллион долларды түзгөн.

https://business.com.tm/ru/post/11169/yanvarnoyabr-tovarooborot-mezhdu-turkmenistanom-i-uzbekistanom-sostavil-9701-mln