09.01.24

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев калктын иш менен камсыздоо деңгээлин жогорулатуу маселелери боюнча өкмөттүн сунуштары менен таанышты. Жолугушуу 8-январь күнү болуп өттү. Бет ачардын жүрүшүндө, 2024-жылы 5 миллион жаранды иш менен камсыз кылуу пландары айтылды.

Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди. Бийлик бул максатка туруктуу жана жакшы акы төлөнүүчү жумуш орундарын түзүү аркылуу жетүүнү пландоодо. Кызмат көрсөтүү тармагында 2,5 миллион, айыл чарбасында 2,1 миллион кошумча жумуш орундары пайда болот деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары 250 миң жаран инвестициялык долбоорлордо жана өнөр жай тармагында, 140 миң жаран курулуш тармагында ишке орношот. Жооптуу кызматкерлер президентке 2024-жылга жаңы жумуш орундарын түзүү программасын тапшырышты. Президент берилген маалымат менен таанышып, программаны бекитти жана зарыл болгон кошумча тапшырмаларды берди.

https://centralasia.news/26188-vlasti-uzbekistana-v-2024-godu-namereny-uvelichit-chislo-zanjatyh-do-5-mln-chelovek.html