20.01.24

2023-жылы Өзбекстанда 395,83 миң даана жеңил унаа өндүрүлгөн, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,9% пайызга көпттүк кылат. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика агенттиги билдирди.

Тактап айтканда, 2023-жылдын январь-декабрь айларында 118,093 Cobalt автоунаасы (2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 16,2% пайызга), 82133 Gentra (5,7% пайызга азайган), 546 Spark (96,2 пайызга азайган), 89 154 - Damas (23,4% пайызга өскөн), 48 082 - Tracker (5,3% пайызга өскөн).

Статистика агенттигинин маалыматы боюнча, Chery маркасы 2023-жылы Өзбекстанда 9,829 унаа чыгарган, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23,3 эсеге көпттүк кылат.

KIA  маркасы 2022-жылга салыштырмалуу 2023-жылы автоунаа өндүрүшүн 2,5 эсеге көбөйтүп, (15,036 даана) 2023-жылы Өзбекстанда 91 даана Exeed жана 134 Haval үлгүсүндөгү унаалар өндүрүлгөн. Ошондой эле өткөн жылы өлкөдө 25,586 адистештирилген жеңил унаалар чыгарылган (22,2% пайыз өсүү болгон).

https://www.uzdaily.uz/ru/post/82963