18.01.24        

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөгө болгон туристтик агымды көбөйтүү жана ички туризмди өнүктүрүү боюнча тиешелүү жетекчилердин презентациясы менен таанышты.

Бул демилгенин алкагында, туристер үчүн эң жагымдуу шаарларда жана аймактарда 12 жаңы туристтик борборлорду түзүү пландаштырылууда. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Туристик борборлор күнү-түнү иштеген кафе, ресторан, бассейн жана ден соолукту чыңдоочу мекемелер менен жабдылышы күтүлүүдө. Мындан тышкары, бир нече курорттук зоналарда жана оюн-зоок комплекстеринде эл аралык бренддердин дүкөндөрү, улуттук жибек кездемелер, сувенирлер, зер буюмдар жана алтын куймалары пайда болот. Ал үчүн 2027-жылдын 1-январына чейин туристтик борборлордо иштеген ишкерлер үчүн жер жана мүлк салыгынын ставкасы 90 пайызга төмөндөтүлөт. Ошондой эле, 2026-жылдын 1-мартына чейин бизнесмендердин бул категориясы зергерчилик жана алтын буюмдарын өндүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулар жана технологиялар бажы төлөмдөрүнөн бошотулат.

“Ар бир мезгилге саякат” программасынын алкагында, жаз жана күз айларында, Өзбекстанда медициналык, экстремалдык, экологиялык жана ден соолукту чыңдоо туризмин, кышында экстремалдык жана лыжа туризмин, жайында курорттук туризмди өнүктүрүү боюнча кадамдар жасалат. Ар бир туристтик сезондун ачылышына карата атайын фестивалдар өткөрүлөт.

https://sng.today/tashkent/34170-v-uzbekistane-sozdadut-12-novyh-turisticheskih-centrov.html