25.01.24

Өзбекстан дүйнөлүк “Chevrolet” маркасындагы автоунааны сатуу рейтингинде, Америкадан кийинки экинчи орунду ээлеген. Бул тууралуу, “UzAuto Motors” басма сөз кызматы билдирди.

Компаниянын маалыматы боюнча, Өзбекстан 2023-жылы 370 миң даана унаа саткан. Мындай ийгилик “Chevrolet” автоунааларына болгон суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу. Себеби, GEM платформасында жаңы “Tracker” жана “Onix” моделдерин чыгарууну ийгиликтүү баштоонун аркасында автоунааларды сатуу жогорулаган.

Компаниянын айтымында, туруктуу экономикалык өнүгүү жана автоунаалардын сапаты жергиликтүү керектөөчүлөр арасында популярдуулугунун туруктуу өсүшүнө өбөлгө түзөт.

“UzAuto Motors” компаниясынын билдиришинче, “Chevrolet” автоунаасын сатуу боюнча алдыңкы 5 өлкөнүн катарына Америка, Өзбекстан, Бразилия, Мексика жана Кытай мамлекеттери  кирет.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/83114