02.02.24

Үстүбүздөгү жылдын 2-февралында, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жетектеген өкмөттүк делегация, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеши жана санарип форумуна катышуу үчүн Казакстандын Алматыга шаарына келди.

Сапардын алкагында, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун жана Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун төрагалыгы алдында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн делегацияларынын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер жакшы коңшулаштыктын жана өз ара сый-урматтын тез өнүгүп жатканы жана ошондой эле  өлкөлөрдүн жетекчилери көп тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча белгилүү милдеттерди койгондугу белгиледи.

Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда бардык багыттар боюнча өсүштүн оң динамикасы байкалууда.

Тактап айтканда, акыркы 7 жылда сооданын көлөмү эки эседен ашык өстү. Экономиканын түрдүү тармактарында биргелешкен маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда. Транспорт жана энергетика тармагындагы кызматташтык кыйла активдешти. Аймактар ​​аралык жана маданий-гуманитардык кызматташтык кеңейүүдө. Жолугушууда ушул жана күн тартибиндеги башка маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/83309