05.02.24

Түркмөнстан жана Өзбекстандын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү акыркы жылдары беш эседен ашык өсүп, 2023-жылы 1 миллиард 94 миллион долларга жеткен. Бул тууралуу, Өзбекстандын Түркмөнстандагы элчиси Акмолжон Кучкаров Ашхабаддагы брифингде билдирди, деп жазат “SNG.Today” маалымат басылмасы.

Элчи  эки өлкөнүн достук мамилелери өз ара урматтоого, ишенимге жана түшүнүүгө негизделгенин баса белгиледи. Байыртадан бери өзбек жана түркмөн элдеринин жалпы тарыхы, маданий жана тилдик жалпылыгы бар.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 2017-жылы Түркмөнстанга жасаган мамлекеттик сапары жана Стратегиялык  өнөктөштүк келишимине кол коюу менен  эки тараптуу кызматташтыктын тарыхынын жаңы этабы башталды.

Кучкаровдун айтымында, 2017-2023-жылдар аралыгында өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 5 эседен ашык өскөн. 2022-жылы 920 миллион доллар болсо, 2023-жылдын аягында 1 миллиард 94 миллион долларга жеткен.

Элчи ошондой эле, Өзбекстан менен Түркмөнстандын Ишкерлер кеңешинин алкагында аймактар ​​аралык кызматташуу процесстери жана эки тараптуу өз ара аракеттенүү механизмдерин түзүү башталганын билдирди.

Үстүбүздөгү 2024-жылы жогорку деңгээлдеги өз ара жолугушуулары болоору күтүлүүдө. Элчинин айтымында, бул дагы бир жолу мамлекет башчыларынын тыгыз өз ара аракеттенүүгө жана эки тараптуу кызматташтыкты гана эмес, Борбордук Азиядагы аймактык жакындашууну өнүктүрүүгө умтулуусун көрсөтүп жатканын  баса белгиледи.

https://centralasia.news/26668-tovarooborot-mezhdu-turkmenistanom-i-uzbekistanom-vyros-v-pjat-raz.html