14.02.24

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө 2024-жылга пландаштырылган негизги стратегиялык реформалардын планы менен таанышты. Жакынкы убакта өлкөнүн ички дүң продукциясын (ИДП)160 миллиард долларга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Реформалар негизги тармактар болгон транспорт, ишкердик, энергетика, айыл чарба жана шаар куруу жана айыл чарбага  багытталган. Негизги максат, мамлекет боюнча киши башына 4000 долларга чейин кирешени көбөйтүүнү көздөйт.

Өкмөт экономиканы трансформациялоо жана ишкерлер менен инвесторлор үчүн жагымдуу чөйрөнү колдоо  программаларын ишке киргизүү боюнча аракеттерди улантат. Президент ошондой эле өлкөнүн ар бир бурчунда жогорку ылдамдыктагы интернетке жетүүнү камсыз кылуу милдетин койду.

Жыйында, Өзбекстандын калкынын саны 300 миңден ашкан шаар жана райондордун санын көбөйтүү маселеси дагы көтөрүлдү. Жакынкы 7 жылда алардын саны он үчтөн жыйырма сегизге чейин көбөйөт деп пландалууда. Президент калктуу конуштардын баш аламан өсүшүнө жол бербөө үчүн шаар куруу боюнча мыйзамдарды иштеп чыгууну жана шаарлардын башкы пландарын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

https://centralasia.news/26833-vlasti-uzbekistana-sobirajutsja-narastit-obem-vvp-do-160-mlrd-dollarov.html