25.03.24

Өзбекстандын Венгриядагы элчилигинин өкүлдөрү үй канаттууларын өстүрүү жана тоют рационун иштеп чыгууга адистешкен “Babolna Tetra” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту.

“Дунё”  агенттигинин маалыматына ылайык, жолугушууда компаниянын канаттууларды өстүрүү жаатындагы алдыңкы тажрыйбалары, өндүрүш процесстери, жашоо шарттары жана азыктандыруу ыкмалары талкууланды. Ошондой эле Өзбекстанда кызматташуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Компаниянын Өзбекстанда ийгиликтүү тажрыйбасы бар, анын ичинде Самарканд жана Навои облустарына продукцияларды жеткирүү иштери менен алектенет.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Өзбекстандын Сурхандарья облусунда биргелешкен долбоорду ишке ашыруу боюнча кошумча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Мындан тышкакры, канаттууларды өстүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, Өзбекстандан келген өкүлдөрдү компаниянын Венгриядагы объектилери менен таанышуу иш чараларын уюштуруу жана бир катар макулдашуулар жана кызматташуу келишимдерине жетишүү талкуулуанды.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/84571