25.03.24

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдөгү электр жана гибриддик унаа транспорт каражаттарын өндүрүшүн уюштуруу жана инвестициялык келишим долбооруна кол койду. Бул жөнүндө жергиликтүү маалыматтар каражаттары билдирди.

Документтин долбоору төмөндөгү негизги пункттарын камтыйт:

  • жылына 500 миңге чейин электр жана гибриддик унааларды чыгарууну пландаштыруу
  • өндүрүштүн локалдаштыруунун деңгээлин 60% пайызга чейин жогорулатуу
  • жергиликтүү калкка 10 миңге чейин жаңы иш орундарын уюштуруу
  • электр жана гибриддик унаанын экспорттой турган өлкөлөрдүн тизмесин көбөйтүү
  • колдонуучулардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды иштеп чыгаруу, анын ичине унаалардын жергиликтүү климаттын шарттарына шайкештик жана кепилдик кызматтары
  • баардык унаа чыгаруучу ишканаларда тең шарттарды камсыз кылуу, аларга артыкчыларды жана преференцияларды берүү.

Долбоорду ишке ашыруу, Өзбекстанга электр жана гибриддик унааларды чыгаруу боюнча Орто Азия аймагында лидер өлкөлөрдүн бири болууга мүмкүнчүлүк берилери күтүлүүдө жана андан тышкары “жашыл” экономиканы өндүрүүгө салым кошот.

https://economist.kg/transport/2024/03/25/uzbiekistan-planiruiet-proizvodit-do-500-tysiach-eliektromobiliei-i-ghibridnykh-avto-v-ghod/