26.03.24

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда жаңы электр станцияларынын курулушун ишке киргизүү аземи өттү. Үч долбоордун жалпы баасы 1,1 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу, Өзбекстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Наманган облусунда үч жаңы энергетикалык объект куруу пландалууда. Аларга, алты  гидроэлектро станция (ГЭС) жана эки күн электр станциясын куруу пландаштырылууда. Алардын жалпы энергетикалык кубаттуулугу 1228 (МВт) жетет жана үч долбоордун баасы 1,1 миллиард долларга бааланган.

Гидроэлектор станцияны  (ГЭС) курууну “Өзбекгидроэнерго” ишканасы ишке ашырса, күн электр станцияларын ишке киргизүүнү, Германиянын “Hyper Partners GmbH” компаниясы жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) “Tepelen Group Holding Limited” компаниясы камсыздайт.

Өзбекстандын өкмөтү учурда кайра жаралуулучу жашыл энергиянын булактарын колдонууну кеңейтүүгө чоң көңүл буруп жатат. Акыркы жылдары Самарканд, Навои, Жиззак, Бухара, Сурхандарья жана Кашкадарыя облустарында жалпы кубаттуулугу 1,6 (ГВт) болгон жаңы күн жана шамал электр станциялары курулган.

https://centralasia.news/27637-v-uzbekistane-postrojat-sistemu-iz-6-gjes-i-dve-solnechnye-jelektrostancii.html