18.04.24

Өзбекстан жана Тажикстандын экономикалык потенциалынын негизинде жакынкы жылдарда өз ара сооданын көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча жаңы масштабдуу максаттар коюлган. Бул тууралуу, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга мамлекеттик иш сапарынын алдында 17-апрелде, Дүйшөмбү шаарында өткөн “Өзбекстан-Тажикстан” инвестициялык бизнес-форумунда айтылды, деп билдирет “УзА” маалымат  агенттиги.

Өзбекстандын Вице-премьер-министри Жамшид Ходжаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө, эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы ишенимдин аркасында акыркы жылдары кыйла бекемделген көп кырдуу кызматташтыктын стратегиялык деңгээлин баса белгиледи.

Тажикстандын вице-премьер-министри Усмонали Усмонзода да соода-инвестициялык жана өнөр жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү потенциалын жогору баалап, эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүн жигердүү жана тайманбастык менен өз ара аракеттенүүгө жана өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө чакырды.

Ошондой эле жалпы баасы 135 миллион долларды түзгөн 14 долбоордун тизмесинде түзүлгөн ресурстарды пайдалануу боюнча “Өзбекстан-Тажикстан” инвестициялык компаниясынын ролу айтылды.

Бизнес-форумдун жыйынтыгы менен бир нече документтерге кол коюлду. Анын негизинде ар бир долбоор боюнча конкреттүү аткаруучуларды жана ишке ашыруу мөөнөттөрүн камтыган жол картасы иштелип чыгат.

Эскерте кетсек, акыркы сегиз жылда Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүү үч эсеге өсүп, 2023-жылы 750 миллион долларды түзсө, жыл башынан бери дагы 40% пайызга өскөн.

Бүгүнкү күндө эки мамлекеттин аймагында 370 ашуун биргелешкен ишканалар иштейт, 2017-жылы алардын саны 17 гана болгон.

https://kabar.kg/news/uzbekistan-i-tadzhikistan-namereny-dovesti-ob-emy-vzaimnoi-torgovli-do-2-mlrd/