Мындай статистиканы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Душанбе шаарында болуп өткөн Эл аралык ишкерлердин форумунун ачылышында айтты.

Президенттин айтымында, каражат өнөр-жай өндүрүшүнө, энергетикалык объекттерге, туризм тармагына, курулуш секторуна багытталган.

"Бул жагынан ушул жылы, жеке сектордун ИДПга карата үлүшү беш жыл мурункуга караганда 12% пайызга көп болуп, 70% пайызга жетти", - деди Эмомали Рахмон.

Мамлекет башчысы өнөр жай секторунун 2017-жылы 17% пайызга өскөнү чет өлкөлүк түз инвестицияны тартуу менен болгонун баса белгиледи. Өзгөчө өнөр-жай экспорту, атап айтканда, гипс, кооз материалдар, жашылча жана жер-жемиш консервалары, пахта кездемелери жана килемдерди экспорттоо кескин жогорулаган.

Бирок ал белгилегендей, Тажикстандын даяр азык-түлүк продуктуларын экспорттоого зор мүмкүнчүлүгү бар, ошондуктан аракеттер ушул тармактарда жасалышы керек.

Президенттин айтымында, инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган реформалардын ишке ашырылуусу, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү үстүбүздөгү жылдын он ай бою туруктуу деңгээлде кармап турду жана ушул мезгил ичинде реалдуу экономикалык өсүш 7% пайызды түздү.

Президент тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, ишкерлерге 30 түрдүү артыкчылык жана жеңилдиктер каралгандыгын баса белгиледи.

Анын айтымында, чарба жүргүзүүчү субъекттер салык тартибин кармануу менен бирге бул артыкчылыктарды натыйжалуу колдонуусу керек.

2017-жыл жана 2018-жылдын сегиз айында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жалпы жыйынтыгы боюнча, 900 млн сомони бюджетке багытталганы менен 1 миллиард 240 миллион салык жашыруун калган. Президент салыктык мыйзам бузууларды алдын алуу үчүн мындан ары да натыйжалуу чараларды көрүүгө тапшырма берди.