Тажикстан жана Өзбекстан жарандары эми эки өлкөнүн эс алуу үйлөрүнө, санаторийлерге, балдар лагерлерине эч кандай тоскоолдуксуз путевкаларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Өткөн жуманын аягында Ташкентте көз карандысыз кесиптик профсоюздар биримдигинин өкүлдөрүнүн (ФНПТ) иш сапарынын жыйынтыгында бул келишимге жетишилген. Бул боюнча ушул эле биримдиктин жетекчисинин орун басары Исмоил Файзизо «ASIA-Plus» агентигине билдирген.

 Анын айтымында, Өзбекстандын санаторийлеринде эс алууну каалаган Тажикстандыктар коңшу өлкөгө барбай эле кесиптик профсоюздар биримдиктеринин бөлүмдөрүнөн путевкаларды сатып алууга болот.

Ушундай эле жол менен Өзбекстандыктар өз өлкөсүндө туруп эле Таджикстандын санаторийлерине путевкаларды сатып алууга болот. Мындан тышкары, эки өлкөнүн өнөр жай бирикмелери келерки жылдын жай айларынан баштап, Тажикстан жана Өзбекстандын мектеп окуучулары жайкы эс алуусун кошуна өлкөлөрдүн балдар лагерлеринде өткөзүү тууралуу макулдашышты. Өзбекстанда болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, эки өлкөнүн кесиптик профсоюздук биримдиктери, саламаттык сактоо кызматкерлери, билим берүү жана өнөр жай кесиптик биримдиктеринин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнү макулдашышты.

https://news.tj/ru/news/tajikistan/society/20181203/dushanbe-i-tashkent-dogovorilis-otkrit-dveri-svoih-zdravnits-dlya-grazhdan-dvuhh-stran