10.01.2019

Тажикстанда бул жылы айыл-чарба, балык жана аң улоону өнүктүрүү үчүн мамлекеттик казынадан 915,4 млн. сомониден ашуун (97 млн. доллар) акча каражатын бөлүү пландалып жатат.

Каржы министринин маалыматына караганда бул сумманын ичинде белгиленген тармактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу да каралган.

Маалыматка ылайык, өлкө эгемендүүлүгүнү алгандан бери мамлекеттик бюджеттин эсебинен мамлекеттик долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө 12 миллиард сомони коротулган.

Акыркы 10 жылда айыл-чарба өндүрүшү 3 эсеге өскөн. 2000-жылы 7,4 млрд. сомони болгон болсо 2018-жылы 21,3 млрд. сомонини түздү.

Статистикалык маалыматтарга ылайык акыркы жылдары пахтанын 10-12 пайызы гана өлкөнүн ичинде иштетилип жатат. 2018-жылы пахта буласынын экспорту мурунку жылга караганда эки эсеге өстү.

Былтыркы жылы пахта буласынынын экспорту 150 млн. долларды түзгөн эле.

http://avesta.tj/2019/01/10/na-razvitie-selskogo-hozyajstva-rybolovstva-i-ohoty-v-tadzhikistane-planiruyut-vydelit-okolo-100-mln/