21-27-январда Душанбе шаарында Өзбекстан жана Тажикстандын өкүлдөрүнүн өзбек-тажик чек арасынын демаркациясы боюнча укуктук маселелеринин келишимин макулдашуу үчүн кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

“Жолугушуунун жүрүшүндө, ченемдик-техникалык документтерге тиешелүү долбоор даярдалды. Бул долбоордун негизинде чек араны аныктоо иштери жүргүзүлөт деп билдирди Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Буга чейин, Тажикистан менен Өзбекстандын ортосунда ар түрдүү келишпестиктер болуп келген, анын ичинде мамлекеттик чек араны аныктоо маселеси да бар эле. Бирок, Шавкат Мирзиеёв бийликке келгенден кийин, тышкы саясат жүргүзүүдө региондогу коңшу өлкөлөр менен болгон мамилелерин жакшыртууга артыкчылык берди, өзгөчө Тажикстан менен.

Тараптар чек ара жана суу-энергетика маселелери боюнча  диалогду улантууда, эки өлкө борбор шаарларынын ортосунда,  аба кызматын ачып виза режиминен баш тартышты.

Өткөн жылдын март айында эки өлкөнүн башчылары 2019-жылдын соңуна чейин, биргелешкен чек араларда миналарды тазалоо иштерин бүтүрүү боюнча келишимге келишкен. Тажикстан жана Өзбекстан ортосундагы чек ара боюнча келишимге 2018-жылдын 9-10-мартында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин Душанбе шаарында, мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө кол коюлган.

Тажикстандын жерге жайгаштыруу жана геодезия боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда тажик-өзбек чек арасынын узундугу 1332 километрди түзөт. Чек аранын жалпы узундугунун 105 километри дарыя жана 1227 километри кургак чек ара болуп эсептелет.

https://www.podrobno.uz/cat/politic/uzbekistan-i-tadzhikistan-zavershili/