19.03.19.

Ушул жылдын алагачкы 2 айында Өзбекстан, Тажикстанга эң көп гуманитардык жардам көрсөткөн беш өлкөнүн катарына кирди. Бул жөнүндө Азия-Плюс басылмасы билдирди.

2019-жылдын январь-февраль айларында Өзбекстандын Тажикстанга көрсөткөн жардамы 160 миң АКШ долларын түздү.

Тажикстандын президентинин алдындагы статистика агенттигинин маалыматына караганда, бул жылы алынган жалпы гуманитардык жардамда Өзбекстандын үлүшү 1,2 пайызды түздү.

Бул жылы Тажикстан жалпысынан 13 430 000 доллар өлчөмүндө жардам алган.

Россия (18,2%), Кытай (3,6%), Индия (1,7%) жана Бириккен Араб Эмираттары (1,6%) алдыңкы донор-өлкөлөр болуп саналат.

Жалпысынан январь февраль айларында Тажикстанга 34 мамлекет тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлгөн.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу донорлордун саны бир өлкөгө кыскарган, ал эми жардамдын көлөмү 2,7 млн. долларга көбөйгөн.

https://tj.sputniknews.ru/main/20190318/1028496381/uzbekistan-2-mesyaca-tajikistan-gumpomoshch-160-tysyach-dollov.html