18.07.19.

Тажикстан жана Ооганстан эки өлкөнү бириктире турган темир жол куруу тууралуу макулдашууга жетишишти. Темир жолдун бир бөлүгү, Түркмөнстандын аймагы аркылуу да өтмөкчү.

 Тажикстан жана Ооганстандын соода экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссия мүчөлөрү июль айынын башында, Душанбе шаарында бул маселени эки тараптуу талкуудан өткөрүшкөн.     

Учурда, биргелешкен ооган-тажик жумушчу тобу келишимди даярдоо боюнча иш алып барышууда. Үстүбүздөгү жылдын жай айынын аягында, келишимге кол коюлуусу күтүлүүдө. Андан соң, долбоорду каржылоо боюнча талкуу башталмакчы.

Темир жол, Таджикстандын Джалолиддин Балхи аймагынан башталып, Төмөнкү Пяджга андан ары Ооганстандын Шерхан Бандар – Кундуз – Мазари Шариф – Шибиргон – Андхой – Окина шаарларына чейин жетмекчи.

Таджикстан - Ооганстан - Түркмөнстан темир жол куруу боюнча меморандумга 2013-жылдын март айында, үч өлкөнүн президенттери тарабынан кол коюлган.

Негизинен бул жолдун биринчи этабы - Атамурат-Ымам (Түркмөнстан) - Акун (Ооганстан) – маршуртту боюнча 2016-жылдын аягында эле эки өлкөнүн президенттеринин катышуусу менен курулуш иштери башталган болучу.

Бирок, Ооганстандын аймагы аркылуу өтчү темир жолдун каттамы боюнча Тажикстан менен Ооганстандын ортосунда талаш маселелер бар эле. Тараптар, ар бири өздөрүнүн  сунуштарын беришкен. Тажикстан сунуш кылган жолдун узундугу 160 километр болсо, Ооганстан тарап берген сунуш боюнча 500 километр аралыкты түзгөн. Жыйынтыгында тараптар бирдиктүү пикирге келишип, тиешелүү иш кагаздарына  кол коюшкан.

2014-жылы эки өлкө келишилген макулдашуунун жыйынтыгын, Түркмөнстандын өкмөтүнө кол коюу үчүн жөнөтүшкөн. Буга чейин, Азия өнүктүрүү банкы темир жолдун келечекте техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үчүн, $ 9 миллион доллар бөлүп берген болучу.

http://www.ca-portal.ru/article:51385