18.09.19

Акыркы 8 айдын аралыгында Тажикстандын ички дүң өндүрүмү 44 миллиард 893,8 миллион сомониге ($4,6 миллиард доллар) жеткен.

Экономикалык өнүгүү жана соода  минстирлигинин берген маалыматында, ИДПнын көлөмү өткөн жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 7,4% пайызга өсүш берген.

ИДПны үлүштүк көрсөткүч менен бөлүп карасак: өндүрүш тармагы 13,3% пайыз, айыл чарба 8,3%, чекене товар жүгүртүү  8,5%, жүк ташуу 4,7%, кызмат көргөзүү 8,3% пайызга өсүш берген. Мурдакы берилген маалыматтар боюнча, Тажикстан Республикасы жакынкы 10 жыл аралыгында өнүккөн индустриалдык-агрардык өлкөгө айлануу планы бар экендигин билдирген болучу.

Өлкөнүн Улуттук стратегиялык өнүгүү планында,  көргөзүлгөндөй 2030-жылга чейинки мезгил аралыгында, Тажикстан Республикасы агрардык-индустриалдык өнүгүү моделинен индустриалдык-агрардык өлкөгө айлануу максатын көздөп келет.

http://avesta.tj/2019/09/18/vvp-tadzhikistana-prevysil-4-6-mlrd/