07.10.19

7-октябрь  күнү, Тажикстандын Хожент шаарында болуп өткөн Кыргызстан-Тажикстан ортосундагы туризм тармагында кызматташууга арналган бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Кыргыз Республикасынын  Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эки өлкө арасында, биргелешкен туризм форуму алгачкы ирет өткөрүлдү. Тараптар, туризм тармагын көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдар менен туристтик компаниялардын ортосундагы өз ара аракеттешүү жана кызматташуу маселелерин талкуулады. Кыргызстандын жана Тажикстандын туризм жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентациялар жасалып, "В2В"форматында сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

Жолугушуунун аягында, Кыргызстан жана Тажикстандын туризм менен алектенген компанияларынын ортосунда 15 макулдашууга жана меморандумга кол коюлду. 2020-жылы Кыргыз Республикасында  кезектеги туризм бизнес-форумун өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле тараптар “Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы туризм тармагында кызматташуу” жөнүндөгү келишим долбоорун иштеп чыгуу боюнча макулдашты.

https://kyrtag.kg/ru/news/15-soglasheniy-i-memorandumov-podpisano-na-i-kyrgyzsko-tadzhikskom-turisticheskom-biznes-forume