01.11.19

 Тажикстан 2019-жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында Өзбекстандан 77,1 миллион кубометр жаратылыш газын сатып алган.

Тажикстандын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги билдиргендей, 2019-жылдын алгачкы тогуз айында, Өзбекстандан 77,1 миллион кубометр жаратылыш газы 9,8 миллион долларга импорттолгон.

Алынып келинген көгүлтүр оттун басымдуу бөлүгүн, Тажикстандын ири өнөр жай ишканалары сатып алган. Ал эми, катардагы керектөөчү жарандар, өлкөдөгү  жаратылыш газын бөлүштүрүү тармагы техникалык жаңылоодон өткөндөн кийин гана газды пайдалана алышат.

Өзбекстан өткөн жылы, Тажикстанга 54 миллион кубометр газ экспорттогон болучу. Өзбекстан  2018-жылдын апрель айынан баштап жаратылыш газын Тажикстанга кайрадан сатып баштаган. Тажикстандын өкмөтү, бул жылы Өзбекстандан 200 миллион кубометр көгүлтүр отун сатып алууну пландоодо. Тажикстан Өзбекстанга жаратылыш газынын миң кубометрине 120 миң доллардан акы төлөп келишет.

Эки өлкөнүн 9 жылга созулган  суук мамилелеринин аяктоосу жана карым-катнаштын жандануусу менен былтыркы жылы, Тажикистан Өзбекстанга электр энергиясын экспорттой баштаган. Ал эми, Өзбекстан болсо Тажикстанга жаратылыш газын сата баштаган.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда жыл сайын орточо эсеп менен 60 миллиард кубо метр жаратылыш газы өндүрүлөт. Анын кыйла бөлүгү өлкө ичинде колдонулса, калган 10-12 миллиард кубометр жаратылыш газы  Кытайга, Россияга жана башка өлкөлөргө экспорттолот.

http://kabar.kg/tur/news/ozbekistan-tacikistana-9-8-milyon-dolarl-k-gaz-satt/