25.11.19

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Тажикстандагы туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү үчүн 10 миллион доллар өлчөмүндө гранттык жардам берүү чечимин кабыл алды. Бул долбоор, Тажикстандын туризм жаатындагы Азия өнүктүрүү банкынын биринчи долбоору болуп саналат  деп билдирет аймактык кабарчы.

Азия өнүктүрүү банкынын Тажикстандагы  долбоорлорду башкаруу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Раза Фаррух: “Тажикстандын кооз тоолору, жаратылыш байлыктары, ошондой эле байыркы жана кийинки доорлордогу Улуу Жибек жолуна байланыштуу маданият жана тарыхын  эске алганда, туризмдин өнүгүүсүнө чоң артыкчылыгы бар. Бирок, өлкөнүн туристтик потенциалы пайдаланылбай келе жатат. Аталган долбоордун алкагында, биз өкмөт менен биргеликте жеке туристтик секторду өнүктүрүүнү жаңы деңгээлге чыгарабыз”- деп белгилеп өттү.

Долбоорду ишке ашыруунун алдында, эң алды туризмди өнүктүрүүнүн комплекстүү планы даярдалмакчы.  Анын ичинде рыноктогу суроо-талаптарга жана талдоо жүргүзүү каралган.

http://kant.kg/2019-11-26/abr-vydelil-10-mln-na-razvitie-turizma-v-tadzhikistane/