13.02.20

Тажикстанда ушул тапта жалпы суммасы 32,1 миллиард сомониге ($3,3 млрд доллар) бааланган 65 мамлекеттик инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу, дүйшөмбү күнү Тажик телеграфтык агенттиги (ТаджикТА) жазып чыкты.

Тажик Республикасынын Мамлекеттик инвестициялык комитети тараткан маалыматта: "32,1 миллиард сомониден  16,9 миллиарды (52,6% пайызы) насыя түрүндө келген болсо, калган 13,6 миллиард сомони (42,4% пайызы) гранттык каражаттар болуп эсептелет. Ошондой эле, Тажикстан өкмөтүнүн салымы 1,4 миллиард сомони (4,4% пайызы), мамлекеттик ишканалар, аткаруучу бийликтин жергиликтүү органдары 190,7 миллион сомони (0,6%пайызы) болуп эсептелет"- деп маалымдалат.

2019-жылы жалпы өлкө боюнча иштеп жаткан долбоорлордун алкагында 3,16 миллиард сомониге (326,1 миллион доллар) жакын каражат өздөштүрүлгөн. Статистикалык маалыматтарга ылайык, өткөн жылы түз инвестициялардын көлөмү 3,3 миллиард сомонини ($345,8 миллион доллар) түздү, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 6% пайызга көптүк кылат.

https://tajikta.tj/ru/news/-v-tadzhikistane-realizuyutsya-65-gosudarstvennykh-investproektov-na-3-3-mlrd