10.03.20

Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отуруму апрель айынын экинчи жарымында, Тажикстандын Гулистан шаарында болуп өтмөкчү. Жыйынга, эки өлкөнүн өкмөт башчылары Кохир Расулзода жана Абдулла Ариповдун  катышуусу күтүлүүдө.

Алдыда боло турган жыйында, негизинен Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык, гуманитардык, маданий, илимий-техникалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Тажикстандын Өзбекстанга сата турган электр энергиясынын көлөмү жана Өзбекстандан алына турган  жаратылыш газы жана алардын үстүбүздөгү жылга карата боло турган баалары, алдыдагы  жолугушууда  макулдашылмакчы.

Эскерете кетсек, өткөн 2019-жылы, Тажикстан Өзбекстанга 1 млрд 425,1 млн кВт/с электр энергиясын саткан болучу. Сатылган электр энергиянын бир киловатын Тажикстан 2  центтен баалаган эле.

2019-жылы Тажикстан Өзбекстанга 28,5 млн долларга электр энергиясын саткан болучу. Ал эми  Өзбекстандан болсо, 140 миллион куб метр жаратылыш газын 17,7 миллион доллар сатып алган.

https://podrobno.uz/cat/economic/premery-tadzhikistana-i-uzbekistana-soglasuyut-tseny-na-tadzhikskuyu-elektroenergiyu-i-uzbekskiy-gaz/