CA-NEWS (KZ) – Дүйнөдөгү 153 өлкө арасында Тажикстан Америкалык Forbes журналы тарабындан даярдалган бизнес жүргүүзүү үчүн эң ыңгайлуу өлкөлөр арасында 108 орунда.

Бул рейтинг 21-декабрь Шаршемби күнү аталган журналдын сайтында жарыяланды.

Орто Азия өлкөлөрүндө салыштырмалуу жогору орунда Казакстан-65, Өзбекстан-99, Кыргызстан- 123 орунду ээлеген. Бул рейтингде Түркменистан жок.

Бул баалоого ылайык Тажикстан Республикасынын ИДӨ өткөн жылда 6.9 өскөнү, өлкө калкы 8.5,  ал эми адам башына ички дүң өндүрүмү- 800 АКШ долларын түзөт.

Бизнес жүргүүзүү үчүн эң ыңгайлуу өлкөлөр сап башында Улуу Британия, Жаңы Зеландия жана Голландия өлкөлөрү турат. Гамбия, Гаити жана Чад өлкөлөрү тизменин акырында орун алган.