08.05.20

Өзбекстан Тажикстанга убактылуу мобилдик оорукана куруу үчүн 144 контейнерден турган курулуш жабдууларын  жөнөттү.

Тажикстанда курула турган оорукана, коронавирус илдети менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн зарыл болгон бардык жабдуулар менен жабдылган. Бул тууралуу, Өзбекстандын Тажикстандагы элчилигинин басма сөз борборунан билдиришкен. Убактылуу оорукананын ар бир палатасында, керектүү болгон буюм тайымдардан тышкары, душ жана кондиционер дагы  орнотулмакчы.

Буга чейин, Душанбе шаарындагы  “Бофанда” стадионунда убактылуу медициналык мекеме курула тургандыгы  кабарланган болучу.

Убактылуу оорукананын курулуш жабдуулары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен Тажикстанга темир жол аркылуу жеткирилген.

https://ehokg.org/uzbekistan-pomozhet-tadzhikistanu-postroit-vremennyj-gospital/