02.06.20

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (TİKA) Тажикстанга жаңы коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн жардам берди.

Медициналык каражаттары турган гуманитардык жардам (анын ичинде  70 миң даана коргоочу маскалар жана 1000 даана коргоочу костюмдар дагы бар), Тажикстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлигине өткөрүлүп берилди.

Тажикстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министринин биринчи орун басары Саида Умарзода, Түркиянын гуманитардык саясатын жогору баалады.

Саида Умарзода Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Тажикстанда ден соолугу начар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялык борборунун курулушу, Турсунзаде шаарынын борбордук ооруканасындагы, балдардын инфекциялык бөлүмүн жана кан диабети менен ооругандардын мектебин оңдоп түздөө иштерин аткаргандыгын жана  көптөгөн долбоорлорду ишке ашыргандыгын белгилеп өттү.

Анын айтымында, медициналык каражаттардан турган  гуманитардык жардам, Тажикстандын коронавирус илдетине  каршы күрөшүүсүнө чоң салымын кошот.

Министрдин орун басары, Түркиядан келген медициналык  каражаттар медицина кызматкерлери, ошондой эле бажы кызматкерлерине бөлүштүрүлүп бериле тургандыгын билдирди.

https://www.aa.com.tr/ru/коронавирус/турция-направила-в-таджикистан-помощь-для-борьбы-с-сovid-19-/1862050