02.10.20         

Тажикстан акыркы 8 айдын (январь-август) ичинде, 923,8 миллион сомониге (89,5 миллион доллар),   бааланган 57,4 миң тонна алюминийди чет өлкөлөргө экспорттогон.

Тажикстандын Өндүрүш жана жаңы технологиялар министрлиги маалымдагандай, өлкөдө өндүрүлгөн алюминий негизинен европа мамлекеттерине экспорттолгон.

Ошондой эле министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдө  акыркы 8 айдын ичинде (январь-август) 264,4 миллион сомониге бааланган 61,1 миң тонна алюминий өндүрүлгөн.

Алюминий заводу өндүрүлгөн продукциянын 6,2 миң тоннасын кайра иштетүүгө жетишкен. Бул көрсөткүч өткөн 2019-жылдын алгачкы сегиз айындагы көрсөткүчтөн 105 тоннага көптүк кылат. 

Алюминийди кайра иштетүүчү «Талко» ишканасы өзү өндүргөн продукциясын чет өлкөлөргө экспортко (942,2 миллион сомони) чыгарган. Тажикстандан алюминий продукциясын сатып алган өлкөлөргө Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Кыргызстан жана  европа өлкөлөрү кирет.

http://kabar.kg/news/tadzhikskii-aliuminii-idet-na-eksport-v-osnovnom-v-evropu/