21.10.20

Тажикстан Вашх дарыясына кезектеги гидроэлектростанциянын (ГЭС) курулуш иштерин баштагандыгын белгилүү болду. Азыркы учурда, Вашх дарыясына жаңы курулушу башталган Шурабсой гидроэлектростанциянын (ГЭС) техникалык жана экономикалык аныктамалары жасалып жаткан учуру. Бул тууралуу 21-октябрь күнү, Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлиги тараткан маалыматта, курулуш иштери менен биргеликте сырттан кошумча финансылык каражаттарын тартуу боюнча сүйлөшүүлөр дагы жүргүзүлүп жатат. Министрликтин алдын ала эсептөөлөрү боюнча Шурабсой  гидроэлектростанциянын (ГЭС) курулушун толугу менен бүткөрүү үчүн 1 миллиард доллар керектелет.

Мурда таратылган маалыматтар боюнча, Шурабсой гидроэлектростанциянын (ГЭС) курулушун, Тажикстанга тиешелүү алюминий өндүргөн “ТАЛКО” компаниясы Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлиги жана Инвестиция жана мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин жардамы менен ишке ашыра тургандыгы маалым болгон.

Жаңы курулуп жаткан, Шурабсой гидроэлектростанциянын (ГЭС) кубаттуулугу 862 МВт энергиясын түзөт жана Душанбе шаарынан 110 километр узактыкта орун алмакчы.

Жаңы Шурабсой гидроэлектростанциясы (ГЭС) Тажикстанда эң ири деп эсептелген, Рогун жана Нурек гидроэлектростанцияларынын (ГЭС) ортосунда жайгашкан.

Жапысынан Вашх дарыясына 9 даана гидроэлектростанция (ГЭС) курулмакчы, алардын 7 даанасынын курулушу аягына чыгарылган.

Эскерте кетсек, Тажикстанда гидроэлектростанциялар (ГЭС) негизги энергиянын булагы болуп эсептелет башка өлкөлөргө экспортко чыгарылат.

https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/20201021/v-tadzhikistane-pristupili-k-rabotam-po-vozvedeniyu-ocherednoi-ges-na-reke-vahsh