24.10.20

Тажикстандын курулуш материалдарын өндүргөн ишканалары 2020-жылдын 9 айынын ичинде,  2,2 миллиард сомониге (212 миллион доллар) бааланган продукция өндүргөн. Бул көрсөткүч, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 128,3 миллион сомониге көптүк кылат.

Тажикстандын Өндүрүш жана жаңы технологиялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, өлкөнүн жалпы ички дүң өндүрүмүнүн (ИДП) 10,4% пайызын курулуш  материалдарынын өндүрүшүнүн үлүшүнө туура келет.

Өткөн 9 айдын ичинде, өлкөдө 3 миллион 237,1 миң  тонна цемент, 133,7 миллион даана кирпич, 55,6 миллион даана цементтен жасалган плиталар жана башка курулуш продуктулары өндүрүлгөн.

Экспортко $45,5 миллион долларга бааланган курулуш материалдары чыгарылган. Ал эми, импорт $27,3 миллион долларды түзгөн.

Башка өлкөлөргө сатылган курулуш материалдарынын ичинен, эң көп киреше алып келгени, цемент продуктусу болуп эсептелет. Ушул жылдын 9 айында, цементти сатуудан $45,4 миллион доллар акча каражаты өлкөнүн казынасына келип түшкөн.

http://avesta.tj/2020/10/24/v-tadzhikistane-proizvedeno-strojmaterialov-na-summu-2-2-mlrd-somoni/